Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-июну № 15/1
Арпа жайлоосуна малчыларды
көчүрүү жана көчпөгөн бадачыларга
чара көрүү жөнүндө
Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа жайлоосуна көчпөгөн бадачыларга 20000 (жыйырма миӊ) сом өлчөмүндө айып салынсын жана 2014-жылдын 5-июнуна чейин төгүлсүн. Алынган акча каражаты жайыт комитетинин эсебине салынсын.
2. Арпа жайлоосуна көчпөгөн бадачыларга жайыт комитети кайсыл жайыт жерди көрсөтсө ошол жерге жайлашсын.
3. Арпа жайлоосуна көчпөгөн бадачылар келээрки 2015-жылы милдеттүү түрдө Арпа жайлоосуна көчүрүлсүн.
4. Күзүндө жайлоодон түшкөн мезгилде улүш аянттарды жедирбей сырттан келген малдарды таратып берүү ар бир бадачыга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду аткарууга албагандарга укук коргоо органдары аркылуу чара көрүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге милдеттендирилсин.
Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Ж. Ажиева |