Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-августу № 16/5
Айыл өкмөтүнүн бюджетине жайыт ресурстарын пайдалануудан
келип түшкөн акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Айыл өкмөт башчысы У.Казиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт ресурстарынан түшкөн 57200 (элүү жети миӊ эки жүз) сом акча каражатынан 25000 ( жыйырма беш миӊ) сом айылдын башкы планына, 25000 (жыйырма беш миӊ) сом айыл ичиндеги көчөлөрдү жарыктандырууга жана калган 7200 (жети миӊ эки жүз) сом жайыттын жер салыгы үчүн салыкка төгүлүп берилсин.
2. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Ажымамбетовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге милдеттендирилсин.
Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Ж. Ажиева |