Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-февралы № 2
Казыбек айыл ѳкмѳтγндѳгγ Аэропорт участкасындагы курулуп жаткан «Нарын» Эркин Экономикалык Аймагынын Соода-Тейлѳѳ Борборунун генералдык планын бекитγγ жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы Б.Аттокуровдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн № 137 Жобосун жγзѳгѳ ашыруу максатында 2008-жылдын 16-апрелинен тартып «Нарын» ЭЭАнын генералдык дирекциясы Нарын облустук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Ат-Башы районундагы Казыбек айыл аймагына тиешелγγ Аэропорт участкасында курулуучу соода-тейлѳѳ борборунун генералдык планы бекитилсин.
2. Казыбек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγ жана «Нарын » ЭЭАнын СТБ(соода-тейлѳѳ борбору) менен эки тараптуу келишим тγзγлсγн, келишимде эки тараптын талаптары ачык кѳрсѳтγлсγн.
3. Келишимде жер Казыбек айыл ѳкмѳтγнѳ тиешелγγ болгондуктан, Казыбек айыл аймагынын элинин кызыкчылыгы толук, ачык, даана кѳрсѳтγлγп жазылсын.
4. Келишим тγзγγ боюнча Казыбек айыл аймагынын тургундарынан 11( он бир ) адамдан турган комиссия тγзγлсγн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Б. Аттокуров |