Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-февралы № 3
2013-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айылдык кеңештин бюджетини бекитγγ жана 2014-жылга калдык кирешенин сметасын бекитγγ жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы Б.Аттокуровдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Казыбек айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылга бюджетинин аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Эл депутаттарынын Казыбек айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы сессиясынын чечимине ылайык 2013-жылдагы калдык доходдон 2144198-33 сомунун сметасы тѳмѳндѳгγдѳй бекитилсин:
Калдык киреше 2144,2
Жалпы киреше 2144,2
Жогорудагы аталган калдыктын чыгаша бѳлγгγ тѳмѳндѳгγдѳй белгиленсин:
2111 Эмгек акы 59,5
2121 соц.фонд 8,0
3112 электр энергия 50,0
3112 трактор 2027,3
3.Эмгек акы боюнча Казыбек айылдык кеңешинин тѳрагасына ар бир ѳткѳн сессига положениенин негизинде 1114-00 сомдон тѳлѳнγп берилсин.
4. Ар кандай чыгымдарга айылдык кеңештин жана айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлери γчγн компьютерлердин ремонтуна , канц.товар алуу γчγн , картриджди заправкалоо жалаң документтер копьютер аркылуу болгондуктан , архивге документтерди ѳткѳрγγ γчγн архивдик сактоого келишимдин негизинде акча каражатын бѳлγγ.
5.Эски жылдагы калдык акчага айыл чарба техникасын экскаватор-бульдозер элдин керектѳѳсγ γчγн алынсын.
6.айыл ѳкмѳтγнγн жеңил машинасына запчасть жана кγйγγчγ май алууга, кγл-мусор ыгарууга, карышкырларды жоготуу γчγн дары –дармекке , туберкулез адамдарды санаторияга жеткизγγ γчγн жардамга , айыл элинин кызыкчылыгына спорт оюндарына акча каражатын бѳлγγ Казыбек айылындагы ΓДТна, Жаңы-Кγч айылындагы ФАПтын ремонтуна , даталуу кγндѳргѳ , балдар бакчаларына стул алуу γчγн инвентарга, ремонтуна электр энергиясына , таза суу γчγн , телефондун тейлѳѳсγнѳ, айылдын элин кызыктыруу γчγн даталуу кγндѳргѳ сыйлык берγγгѳ, кантордун , кѳчѳлѳрдγн ремонтуна электр энергиясына , мектеп , детсад, клуб, айыл ѳкмѳтγнγн газеталарына жана архитектурага, указдын негизинде Республикалык казынага бекитилген бюджеттин 1 %тин жана военкоматка 10 адамдын кышкы формасы γчγн , салык γчγн квитанция №04 , ушул жогоруда кѳрсѳтγлгѳн билдирγγлѳр калдык кирешеден жана бюджеттен тγшкѳн доходдон тѳлѳнγп берилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын жана кѳзѳмѳл жγргγзγγ жагы ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Б. Аттокуров |