Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты № 2
1.2012-жылдын бюджетинен калган акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө.
2.Ак-Моюн айылынын фермердик кошуунунун жабылышы жөнүндө.
3. Сессияга жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кароо.
Ак-Моюн айылдык Кеңеши жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын бюджетинен калган калдык 225800 (эки жүз жыйырма беш миң сегиз жүз) сом акча төмөндөгүдөй тартипте бөлүнсүн:
- Ак-Моюн айылынын инфраструктурасын жакшыртууга 76 100 сом.
- Бирлик Айылынын инфраструктурасын жакшыртууга 34 800 сом.
- Ак-Моюн айылынын «Тамчы-Булак» балдар бакчасына 47 миң сом.
- Ак-Моюн айылында 2013-жылдын январь айында чыккан «кутурма» оорусунун кесепетин жоюу боюнча ит атканга 20 миң сом.
- Ат-Башы жаңылыктары газетасына 20 миң сом.
- Кеңештин төрайымына конпенсация үчүн 6900 сом.
- Туберкулез оорусуна 3000 сом.
- Госрегистрге карта чийдирүү үчүн 4000 сом.
- Архитектурага карта чийдирүү үчүн 4000 сом.
- Айыл өкмөттүн уставын, печатын жана штамптарын толук которуп чыгып, жаңыртыш үчүн 10 000 сом бөлүнсүн.
2.Ак-Моюн айылындагы «Фермердик кошуун» жабылсын.
3. Сессияга жарандардан түшкөн арыз-даттануулар.
3.1.Бирлик айылынын тургуну Айдаров Алмаздын арызы Бирлик айылынын депутаттары жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн кошмо отурумда каралсын.
3.2.Бирлик айылдык клубу Асылбүбү Сеитбекованын ысымын алып жүргөндүктөн, Камчыбек Жусуповдун ысымын Бирлик айылынын клубуна берүүгө мыйзам жол бербейт.
Тѳрайым: | Г. Аттокурова |