Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 2-2
Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Ассоциациясынын 2013-жылдын 16-январындагы №2- каты жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан мал башына коюлган бааларды, пайдаланган жайыт акыларын төлөмдөрүн бирдей баага келтирүү максатында, эчкилерге сезондо 119,0сом, айына 17,0 сом, койлорго сезондо 63,0сом, айына 9,0сом, кара малга сезондо 119,0сом, айына 17,0сом, жылкыларга сезондо 119,0сом, айына 17,0сом болгон баада бекитилсин.
2. Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Ассоциациясынын 2013-жылдын 16-январындагы №2- санду катыны аткарууну камсыз кылуу жагы Төөлөс айылдык округунун Жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин «айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |