Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 2-10
Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин сессиясынын кабыл алган токтомдорун облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун аймагында калктын 98,3 пайызы Кыргыз улутунда болгондугуна байланыштуу айылдык кеңешинин сессиясынын кабыл алган токтомдорун мамлекеттик тилде гана жарыяга берип облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төөлөс айылдык округунун жооптуу катчысы Н. Аширматовго тапшырылсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |