Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-марты № 3-12
Айылдык округунун аймагында эскиден курулуп калган короолор, өздөштүрүлүп пайдаланууда турган жер аянттарын пайдалануу багыттарын өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун башчысынын орун басары М. Тиленовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун аймагында эскиден курулуп калган короолор, өздөштүрүлүп пайдаланууда турган жер аянттарын пайдалануу багыттарын өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жайыт комитетинин акыркы жобосу келгенге чейин жарандардан түшкөн арыздар токтотулуп турсун.
2. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |