Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-марты № 3-15
Төөлөс айылдык округунун Муркут айылында түзүлгөн комиссиянын 2013-жылдын 2-мартында өткөн чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндѳ
Айылдык округунун башчысынын орун басары М. Тиленовдун берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун Муркут айылында түзүлгөн комиссиянын 2013-жылдын 2-мартындагы « Муркут айылындагы тамеки сарайын жана ага тиешелүү болгон тамеки кургатуучуу жана тамеки үрөөнүн өстүрүүчү жер аянттарына менчике болгон укукту мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү айыл тургуну Эргешов Абдилакимге тапшыруу жөнүндөгү» чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Муркут айылындагы тамеки сарайын жана ага тиешелүү болгон тамеки кургатуучуу жана тамеки үрөөнүн өстүрүүчү жер аянттарына менчике болгон укукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн иш кагаздарын даярдап берүү жагы Төөлөс айылдык округуна жүктөлсүн.
3. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |