Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-марты № 3-17
Айтамга айылынан пайдаланылбай жаткан жерден Айтамга айылынын жаштары үчүн стадион курууга 0,80 га жер ажыратып берүү жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтамга айылынан пайдаланылбай жаткан жерден Айтамга айылынын жаштары үчүн стадион курууга 0,80 га жер ажыратып берүү боюнча айылдык округунун жайыт комитетинин жобосу келгенге чейин токтотулуп турулсун.
2. Суралган жер аянты такталгандан кийин айылдык кеңештин сессиясына сунуштоо жагы Жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсын.
3. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |