Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-марты № 3-21
Төөлөс айылдык округунун аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-1 "калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффициентин жана "мулк салык" салууда К-2 зоналдык коэффициентин бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 кабыл алынган жаны салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык Төөлөс айылдык округунун аймагындадагы айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-1 "калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффициентин жана жана салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык Төөлөс айылдык округунун аймагында "мулккө салык" салууда К-2 зоналдык коэффициентин кабыл алуу максатында Төөлөс айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун аймагындадагы айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-1 "калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффициенти 0,8 эсебйнде бекитилсин жана 2013-жылдын 15-мартынан баштап колдонууга киргизилсин.
2. Төөлөс айылдык округунун аймагында "мулккө салык" салууда К-2 зоналдык коэффициенти 1,0 эсебинде бекитилсин.
3. Төөлөс айылдык округунун аймагындагы калктын, мекеме иш каналардын топтогон таштандыларды алып чыгуу жыйымынын ставкалары №1-тиркемесине ылайык бекитилсин жана 2013-жылдын 15-мартынан баштан колдонууга киргизилсин.
4. Төөлөс айылдык округунун аймагында Автотранспорт токтоочу жайлар (Парковка) бизде болбогондуктан бизге киргизилбесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төөлөс айылдык округунун айылдык Кенешинин "Социалдык, маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм , жаштар, жана саламаттыкты сактообоюнча" туруктуу комиссиясына тапшырьшсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |