ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-апрели № 4-1
Айылдык округундагы калктуу конуштарды кеңейтүү боюнча жер участокторунун багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун башчысынын орун басары М. Тиленовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округундагы калктуу конуштарды кеңейтүү боюнча жер участокторунун багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жөнүндө Төөлөс айылдык округунун башчысынын орун басары М. Тиленовдун берген билдирүүсү бекитилсин.
2. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |