Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-апрели № 4-8
Төөлөс айылдык округунун Айтамга айылынын ынтымак жаштар уюмунан 2011-жылдын 26-январындагы пайдаланылбай жаткан жерден 0,80га жер аянтын жаштар үчүн спорттук аянтча курууга уруксат алуу жөнүндөгү арызын кайрадан кароо жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун Айтамга айылынын ынтымак жаштар уюмунан 2011-жылдын 26-январындагы пайдаланылбай жаткан жерден 0,80га жер аянтын жаштар үчүн спорттук аянтча курууга уруксат алуу жөнүндөгү арызын канааттандырылсын.
2. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |