Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-апрели № 4-9
Толман айылынын тургуну Б. Анарбаевдин 2013-жылдын 9-апрелиндеги өзүнүн жер үлүшүнүн четинде пайдаланылбай жаткан жер аянтын турак жай куруу үчүн жазган арызы жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Толман айылынын тургуну Б. Анарбаевдин 2013-жылдын 9-апрелиндеги өзүнүн жер үлүшүнүн четинде пайдаланылбай жаткан жер аянтын турак жай куруу үчүн жазган арызы Толман айылынын элдик жыйынында каралсын.
2. Толман айылынын жалпы элдик жыйынынын макулдугун бергендиги жөнүдөгү протоколу айылдык кеңештин кезектеги протоколуна сунуштоо жагы арыз ээси Б. Анарбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |