Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-июлу № 8-3
Төөлөс айылдык округунун аймагындагы Мечиттерде диний экстремизмдин жана ар түрдүү агымдардын алдын алуу боюнча аткарып жаткан иштери жана каада салттарды, үрп адаттарды, айттыктарды, жылдыктарды кыскартууну жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин депутаты Бегалатов Ысактын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун аймагындагы Мечиттерде диний экстремизмдин жана ар түрдүү агымдардын алдын алуу боюнча аткарып жаткан иштери канааттандырылсын.
2. Каада салттарды, үрп адартарды, айттыктарды, жылдыктарды кыскартуу туралуу, Орозо айтына чейин айылдык округунун борборунда чоң жыйын өткөрүүнү камсыз кылуу жагын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика жөнүндө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |