Редакцияот 29.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 29-апрели № 13-2

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Төөлөс айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Төөлөс айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссия курамдарынын тизмелери бекитилсин.   

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Төөлөс айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссия курамдарын бекитип берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳѳлѳс айыл аймагынын

айылдык кеңешинин тѳрагасы:

 

З. Тѳлѳнов