Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-майы № 14-1
Төөлөс айыл аймагындагы Меркит айылынын Карагечит бөлүмүндөгү мазардын аянтын кеңейтүү жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагындагы Меркит айылынын Карагечит бөлүмүндөгү мазардын аянтын кеңейтүү жөнүндө жер аянты кимге тиешелүү экендигин жеринде тактап кийинки сессияга алып чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго, жайыт комитетинин төрагасынын орунбасары М. Төрөевге тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |