Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-майы № 14-3
Герейтшорон айылынын тургундарынын “үлүштүк жерлери жер астынан чыгарылган сууну пайдаланышат, ошол жердин салыгына жеңилдик берүү жөнүндөгү” жазган арызы жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Герейтшорон айылынын тургундарынын “үлүштүк жерлери жер астынан чыгарылган сууну пайдаланышат, ошол жердин салыгына жеңилдик берүү жөнүндөгү” жазган арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу кат менен кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |