Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июну № 15-1
Төөлөс айыл аймагындагы аты жок көчөлөргө жана жаны конуштардын көчөлөрүнө ат коюуу туралуу айыл тургундарынын протоколдорун кароо жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн Жабылы бөлүмүнүн жашоочуларынын 2014-жылдын 13-июнундагы № 6-протоколу, Меркит айылынын эски кырмандын жолундагы жашоочулардын 2014-жылдын 14-июнундагы №7 протоколу жана Муркут айылынын Суу коробос жаны конушундагы жашоочуларынын 2014-жылдын 15-июнундагы № 8 протоколдору Айтамга Толман жаштары бөлүнүп чыккан Күнгөй бөлүмүнүн жашоочуларынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы №3 протоколу, Толман айылынын тургундарынын 2014-жылдын 14-июнундагы № 4-протоколу, Кеңеш айылынын жаңы конуштарынын жашоочуларынын 2014-жылдын 15-июнундагы № 4 протоколу, Герейтшорон айылынын жаңы конуштарынын жашоочуларынын 2014-жылдын 14-июнундагы № 5 протоколдолу, 2014-жылдын 14-июнундагы № 6 протоколу, 2014-жылдын 15-июнундагы № 7- протоколу, 2014-жылдын 15-июнундагы №8-протоколу, Кеңеш айылынын жаны конушунун жашоочуларынын 2014-жылдын 14-июнундагы №9-протоколу, 2014-жылдын 15-июнундагы №10-протоколу, 2014-жылдын 14-июнундагы №11-протоколу, Герейтшорон айылынын жаны конуштарынын жашоочуларынын 2014-жылдын 14-июнундагы № 12- протоколдору бекитилсин.
2. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика жөнүндө туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |