Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы
2014-жылдын 16-июлу № 17-1
“Өрнөк Плюс” ЖЧК сынын 2014-жылдын 10-июлундагы катын кароо жөнүндө
“Өрнөк Плюс” ЖЧК сынын 2014-жылдын 10-июлундагы катын карап жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өрнөк Плюс” ЖЧК сынын 2014-жылдын 10-июлундагы каты канааттандырылсын.
2. “Өрнөк Плюс” ЖЧК сына Төөлөс айыл аймагынын Муркут айылынын Суу Коробос бөлүмүндөгү Сапарбаев -2 каналынын түндүк тарабында жайгашкан 4,12гектар дөнсөнү түзүп турган жер аянтындагы топурактан кыш чыгарууга пайдаланууга лицензия (уруксат) алуусуна макулдук берилсин.
(Суралган жер аянтынын картасы тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин «айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|