Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХX сессиясы
2014-жылдын 09-октябры № 20-1
2014-2015-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүү, электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сакталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине айыл өкмөттүн аймагындагы бардык мектептерге бала бакчаларында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына жеткирген лимитти сактоону камсыздоону жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
2. Айыл өкмөттө электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимит сакталсын, белгиленген лимиттен ашыкча сарпталган учурда, айыл аймагында электр энергиясы кошумча өчүрүлө тургандыгы эске алынсын.
3. Жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин негизинде эрте мененки саат 9 00 дөн кечки 1800гө чейин, кыш мезгилинде эрте мененки саат 900дөн кечки 1700гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр энергиясын пайдаланууларга жеткиришсин.
4. Мектептерди, балдар бакчаларын жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилинеде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин, демөөрчүлөрдүн жана ишкерлерджин колдоосу менен атайын элетр кыймылдаткычтарын сатып алууну уюштуруу чараларын көрсүн.
5. Айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн сатуу пунктарын ижарасыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана көмүрдүү туруктуу баада сатылышын көзөмөлдөө алсын.
6. Райондук электр тармактар ишканасынын жана айыл өкмөттүн кызматкерлери, айыл башчылар, мектеп директорлору, имамдар менен менен биргеликте электр чубалгаларына тийген бак – дарактарды кесүүнү кыска убакыттын ичинде аякташсын.
7. Ушул сессияда кабыл алынган чечимдерди айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери, коомдук уюмдар жана таасирдүү адамдар менен биргеликте элдин калын катмарына жеткирсин.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|