Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXI сессиясы
2014-жылдын 10-декабры № 21-1
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы “Калктуу конуштарда таза суу системасын реабилитациялоо, куруу боюнча биринчи кезектеги айылдарды аныктоо жана алардын алдын ала тизмесин бекитүү” тууралуу №12-731-каты жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы “Калктуу конуштарда таза суу системасын реабилитациялоо, куруу боюнча биринчи кезектеги айылдарды аныктоо жана алардын алдын ала тизмесин бекитүү” жөнүндөгү №12-731-катына негиз Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардагы таза суу системаларын биринчи кезекте реабилитациялоо жана куруу боюнча алдын ала тизмеси бекитилсин.
2. Ушул сессияда кабыл алынган чечимдерди айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери, коомдук уюмдар жана таасирдүү адамдар менен биргеликте элдин калын катмарына жеткирсин.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|