Загрузка документа…
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXIV сессиясы
2015-жылдын 25-февралы № 24-2
Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2014-жылдагы аткарылышы, айыл өкмөтүнүн 2015-жылга сметалык долбоорун, 2016-2017-жылга болжолун бекитүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2014-жылдагы аткарылышы айыл өкмөтүнүн 2015-жылга сметалык долбоорун, 2016-2017-жылга болжолун бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 10715,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 10715,0 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 11010,0 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 11010,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 12160,0 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 12160,0 миң сом өлчөмүндө болжолдуу планы бекитилсин.
4. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 13510,0 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 13510,0 миң сом өлчөмүндө болжолдуу планы бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн финансы экономика негиздерин чындоо алардын финансылык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарын максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|