Загрузка документа…
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXVI сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 26-1
Төөлөс айыл аймагындагы миграцияда жүргөн ата энелердин окуучу балдары кимдин колунда тарбияланып жаткандыгы жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагындагы миграцияда жүргөн ата энелердин окуучу балдары кимдин колунда тарбияланып жаткандыгы жөнүндөгү депутат Ураимова Калиянын берген маалыматы эске алынсын.
2. Ата энеси миграцияда жүргөн окуучулар менен аймактык тескөөчү органдары тыгыз иш алып баруу жагы милдеттендирелсин.
3. Айыл аймагындагы айылдарда жаштар комитеттеринин мүчөлөрүн түзүү жагын айыл аймагынын жаштар комитетинин төрагасы А. Турсунбаевге тапшырылсын.
3. Төөлөс айыл аймагындагы айыл башчылар жана айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистери биргеликте мектептердин соц. педегоктору жана ата энеси миграцияда жүргөн окуучулар менен биргеликте иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо жөнүндө туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|