Загрузка документа…
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXVI сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 26-3
Төөлөс айыл аймагындагы айылдардан Кыргыз Республикасынын Коомчулукту Өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агенствосунун (АРИС) «Коммуналдык Инфраструктураны каржылоо VIP-KFW, 3-этап (ПСИ-3) долбооруна сунушталган көйгөйлүү маселелерин кароо боюнча конкурстук комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 28-апрелиндеги №1-протоколу жөнүндө
Төөлөс айыл аймагындагы айылдардан Кыргыз Республикасынын Коомчулукту Өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агенствосунун (АРИС) «Коммуналдык Инфраструктураны каржылоо VIP-KFW, 3-этап (ПСИ-3) долбооруна сунушталган көйгөйлүү маселелерин кароо боюнча конкурстук комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 28-апрелиндеги №1-протоколун угуп жана талкуулап Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагындагы айылдардан Кыргыз Республикасынын Коомчулукту
Өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агенствосунун (АРИС) «Коммуналдык Инфраструктураны каржылоо VIP-KFW, 3-этап (ПСИ-3) долбооруна сунушталган көйгөйлүү маселелерин кароо боюнча конкурстук комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 28-апрелиндеги №1-протоколу бекитилсин.
2. Төөлөс айыл аймагындагы Жайылма, Додоң, Айтамга, Толман, Меркит, Муркут,
Герейт-Шорон жана Кеңеш айылдарынын тургундарынын 2015-жылдын 14, 15, 16 жана
17-апрелиндеги № 2-протоколдору жана айылдарда түзүлгөн демилгечи топтордун
2015-жылдын 15, 16, 17 жана 18-апрелиндеги билдирүүлөрү менен сунушталган көйгөйлүү маселелердин муктаждыктарынын денгээлдерине жараша төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин:
Жайылма айылына жаңы мектептин куруу.
Кеңеш айылындагы жаңы конушка суу скважинасын куруу.
3. «Айтамга-Акшооласы» балдар бакчасынын имаратына жылытуу системасын орнотуу.
4. Герейт-Шорон айылынын Торутай бөлүмүнө балдар бакчасын куруу
5. Толман мектебине спорттук зал куруу
6. Додоң айылында ФАП куруу
7. Муркут айылына балдар бакчасын куруу.
8. Толман айылына мончо куруу. 9. «М.Бостонбаев» мектебинин жылытуу системасын ремонттоо.
9. «М.Бостонбаев» атындагы мектебинин жылытуу системасын ремонттоо.
10. Муркут айылына спорттук зал куруу
11. Кеңеш айылына балдар бакчасын куруу
12. Кара-Кечит айылына спорттук зал куруу
13. Герейт-Шорон айылынын Торутай бөлүмүнө спорттук зал куруу
14. Меркит айылынын Кара-Кечит бөлүмүнө балдар бакчасын куруу
15. Додоң айылына КТПлар сатып алуу
16. Жайылма айылына 2 даана КТП сатып алуу
3. Төөлөс айыл аймагындагы айылдардан Кыргыз Республикасынын Коомчулукту
Өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агенствосунун (АРИС) «Коммуналдык Инфраструктураны каржылоо VIP-KFW, 3-этап (ПСИ-3) долбооруна сунушталган көйгөйлүү маселелери боюнча тиешелүү иш чаралар алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баймурзаевага тапшырылсын.
4. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|