Загрузка документа…
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXVI сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 26-4
Төөлөс айыл аймагынын Толман айылынын тургундарынын 2014-жылдын 11-октябрындагы “ Генерал Мурзалы Абдрахмановдун ысымын Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына берүү тууралуу” протоколун жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын Толман айылынын тургундарынын 2014-жылдын 11-октябрындагы “ Генерал Мурзалы Абдрахмановдун ысымын Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына берүү жөнүндөгү” протоколу бекитилсин.
2. Төөлөс айыл аймагынын Толман айылынын тургун маркум генерал Мурзалы Абдрахмановдун ысымын Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына берүүгө макулдук берилсин.
3. Төөлөс айыл аймагынын Толман айылынын тургуну маркум Генерал Мурзалы Абдрахмановдун ысымын Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына берүү боюнча керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы тиешелүү органдардан суралсын.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|