Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXVI сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 26-5

Төөлөс айыл аймагынын Муркут айылынын 2015-жылдын 25-апрелиндеги “ Мурзаев Тажибайдын ысымын Муркут айылынын Ош Исфана жолунун боюндагы Ноокат жазуусунун күн батыш жагындагы көчөлөргө ыйгаруу тууралуу” № 1 протоколу жөнүндө

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айыл аймагынын Муркут айылынын 2015-жылдын 25-апрелиндеги “ Мурзаев Тажибайдын ысымын Муркут айылынын Ош Исфана жолунун боюндагы Ноокат жазуусунун күн батыш жагындагы көчөлөргө ыйгаруу тууралуу” № 1 протоколу жөнүндө.

2. Төөлөс айыл аймагынын Муркут айылынын тургуну маркум Мурзаев Тажибайдын ысымын Муркут айылынын Ош Исфана жолунун боюндагы Ноокат жазуусунун күн батыш жагындагы көчөлөргө ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Төөлөс айыл аймагынын Муркут айылынын тургуну маркум Мурзаев Тажибайдын ысымын Муркут айылынын Ош Исфана жолунун боюндагы Ноокат жазуусунун күн батыш жагындагы көчөлөргө берүү боюнча керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы тиешелүү органдардан суралсын.

 

Төөлөс айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

З. Төлөнов