Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 11-майы № 2
Нарын шаарынын аймагында колдонулуучу жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын өлчөмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин VIII бөлүмүнүн негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин VIII бөлүмүнүн негизинде Нарын шаарынын аймагында колдонулуучу жергиликтүү салыктар жана жыйымдар жөнүндөгү бөлүмү бекитилсин (бөлүм тиркелет). Ал эми чекене соода жүргүзүп жана калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмүн документалдуу аныктоого мүмкүн болбогон учур; алынуучу салыктын ставкасы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү 1-февраль 2006- жылдагы № 32 Мыйзамына ылайык Нарын шаарынын аймагында жергиликтү салыктар жана жыйымдар боюнча колдонуу үчүн 5 түрү жарнама (реклама; 183 ст., автотранспорту койгондугу үчүн жыйым 186 ст., калк жашаган аймактарда таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу жыйым 189 ст., мейманкана салыгы 191 ст., чекене соода жүргүзүүдөн жана калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн алынуучу салык (195 ст) бекитилсин.
3. Нарын жана Бишкек шаарына мал сатуу менен ишкердик жүргүзгөн, «Нарын-Бишкек; «Нарын-Балыкчы», «Нарын-Кочкор», «Нарын-Атбашы» маршрутунда менчик автоунаалар мене кызмат көрсөтүп жеке ишкердүүлүк жүргүзгөн атуулдарга ай сайын патент алдыруу жана чекек соода жүргүзүүдөн жана калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн алынуучу 4 пайызды жергиликтүү салыгын жана физикалык жактардан алынуучу транспорт салыгын жергилиюү бюджетке толук чогултуу жагы Нарын шаардык мамлекеттик салык инспекциясын (Н.Мамбетаитов), шаардык ички иштер бөлүмүнө (Т.Нуралиев), шаардык автоинспекциясын (Н.Арзыгулов) тапшырылсын.
4. Нарын шаарынын аймагында колдонулуучу жергиликтүү салыктар, жыйымдардын тиешелүү бюджетке чегерилишин жана токтомдун аткарылышын камсыздоо Нарын шаардык мэриясына (Б.Богачиев), Нарын шаардык каржы бөлүмүнө (Ж. Урустөмов), Нарын шаардык мамлекеттик салык инспекциясына (Н. Мамбетаитов) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Нарын шаардык Кеңешини: социалдык экономикалык өнүгүү, финансы, бюджет, салык, лицензиялоо, патет приватташтыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом Тенир-Тоо газетасына жарыялансын.
Нарын шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдыкеримов |