Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №3
Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун отчетун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин аткарылышы кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2 Акман айыл өкмөтүнүн түрдүү чыгымдар статьясынын чыгашасы боюнча иштетилген акча каражатынын маалымдамасын бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына берүү жагы белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жөнөтүлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|