Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №4
Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы иштеринин отчетун бекитүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылга аткарган иштери боюнча айыл өкмөттүн башчысы А.Атакуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылга аткарган иштери кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан эски жылдарга карыздарды өндүрүүдө жеткиликтүү иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|