Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №6
Акман айыл аймагында "Таза суу" ИСКАКБны кайра жандандыруу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айыл аймагынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылуумаксатында "Акман таза суу" ИСКАКБны кайра жандандыруу жана иш алып баруу Акманайыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
2. "Акман таза суу" ИСКАКБнын электр энергиясы үчүн эски карызына жергиликтүү бюджеттен 185 ООО (жүз сексен беш мин) сом акча каражаты бир жылдык мөөнөттө кайра кайтаруу шарты менен бөлүнсүн.
3. "Эл аралык финансы институттары тарабынан бөлүнгөн кредиттерли кайтарууну камсыздоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-июнундагы №478 Токтомунун негизинде "Акман таза суунун" 5%дык кайтарымды төлөө үчүн төрт тараптуу келишимди аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|