Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №8
Акман айыл аймагынын Жараке айылына бала бакча куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Акман айыл аймагынын Жараке айылына балдар бакча куруу үчүн Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун сунушун жана агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жараке айылынан бала бакча куруу үчүн эски мектептин ордунан 0,40 га жер аянты ажыратып берилсин.
2. Акман айыл округунун Жараке айылындагы эски мектептин ордунан жалпы 0,40га жер аянтына документтерди мыйзамдаштырып берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктүлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|