Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №10
Акман айыл аймагында табият кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы ААтакуловдун билдирүүсүн угуп жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №239 "Жарандык коргоо жөнундөгү" мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 10-беренесине негиз айыл аймагында табият кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда зарыл жумуштарды тез аткаруу максатында Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагында күтүлүүчү табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында Жарандык коргоо штабы түзүлсүн.
2. Табият кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча атайын иш чара иштеп чыгылсын.
3. Акман айыл аймагында күтүлүүчү табият кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында кол тийгис 200 000 сом акча каражаты бекитилсин жана аны максаттуу пайдалануу үчүн жарандык коргоо комиссиясынын чечими аркылуу иштетилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айылдык кеңештин төрагасынын орун басарыТ.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|