Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №11
Акман айыл аймагынын №51 Палванов орто мектебинин актовый залын реконструкциялоо жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Исмаиловдун жана №51 Палванов орто мектебинин директору К.Кыргызбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын №51 Палванов орто мектебинин актовый залын реконструкциялоого жазылган долбоору жактырылсын жана колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Акман айыл аймагынын №51 Палванов орто мектебинин актовый залын реконструкциялоо долбоору КРнын каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттар комиссиясынын кароосуна сунуштоо райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|