Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №14
Акман айыл аймагынын Б.Абдрахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоо жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Исмаиловдун жана Б.Абдрахманова атындагы башталгыч мектебинин директору В.Жапарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Б.Абдрахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоого жазылган долбоору жактырылсын жана колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Акман айыл аймагынын Б.Абдрахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоо долбоору КРнын каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттар комиссиясынын кароосуна сунуштоо райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Акман айыл аймагынын Б.Абдрахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоо үчүн даярдалган долбоордогу 108 700 (жүз сегиз миң жети жүз) сомдук салымды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы -башкы эсепчиге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|