Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-марты №18
Акман айыл аймагында "Тазалык -айылдан башталат" долбоорун сапаттуу ишке ашыруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Акман айыл аймагында Өнүктүрүү саясат институнун "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору алкагында ишке ашырылып жаткан "Тазалык -айылдан башталат" долбоорун сапаттуу ишке ашыруу максатында Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн төмөндөгүдөй курамда жумушчу гоп түзүлсүн.
• Калыков Ш -АК депутаты, БМжБТ торагасы
• Ибраимова А -аялдар кеңешинин төрайымы, БМжБТ мүчөсү
• Боронбаева К -"Эрайым" АКБ, БМжБТ мүчөсү
• Сариев М -аксакалдар сотунун торагасы, БМжБТ мүчөсү
• Өсөркулов А -АК депутаты, БМжБТ мүчөсү
2. Мониторинг жана баалоо жүргүзүү тобунун жумушчу планы бекитилсин. (Тиркеме 1тиркелет)
3. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык саясат, регламент, депутаттык этикажана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|
Долбоордук ишке ашырылышы жана анын тийгизген таасирин жана натыйжаларын сапаттуу түрдө бирдикте мониториндөө жана балоо планы Юстиция Министирлигинин архивинде сакталат.