Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 11-майы № 3
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес жерлердин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоого К1 — экономикалык пландаштыруу зоналары үчүн коэффицентин белгилөө жөнүндө
«Айыл чарба жерлерине, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларынын, калктуу конуштардын жерлерин жана жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу 16-ноябрь 2006-жылдагы Мыйзамдын негизинде калктуу конуштардагы жана айыл чарбалык эмес багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептөө жана өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодекстерине ылайык, жыл сайын кабыл алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын, Нарын шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын биргелешкен сунуштарын эске алып 2007-жылга экономикалык —пландалган 8 (сегиз) зонасына базалык ставкасы 3 эсе көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу 0,58т ордуна 1,74т бекитүү үчүн коэффиценттерди белгилөө боюнча депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2006-жылга калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоого К1-экономикалык пландаштыруу зоналары үчүн коэффиценти тиркемеге ылайык бекитилсин (мамкаттоонун сунушу тиркелет).
2. Белгиленген зоналарда жайгашкандыгына карабастан Нарын энергетика, байланыш, банк, АО «Нарын жүргүнчү», АООТ «Мунара-Курулуш», АО «Тулпар», ЖЧК «Уста», ГП «Темир», АО «Ак-Кула», АО «Нарын авто», АО «Алатоо-Ш», АЗС, кафе, ломбард, акча алмаштыруучу жайлар, базарларга жана базарлардын айланасында жайгашкан соода түйүндөрүнө 3,0 коэффиценти бекитилсин.
3. Нарын облустук Афганистан ардагерлеринин союзунун коомдук уюмунун Нарын шаарындагы уюмунун ишкердик кылган мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын 8-май 1996-жьшдагы «Согуштун куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер» жөнүндөгү №14 Мыйзамынын 29-статьясына ылайык Афганистан согушунда курман болгон жоокерлердин жана алардын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында 2007-жылга калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоого К1 —экономикалык пландаштыруу зоналары үчүн 1,0 коэффиценти бекитилсин.
4. Белгиленген К1 коэффицентине ылайык жер пайдалануучулар үчүн салыктын жылдык суммасын аныктоо жана аны өндүрүүнү камсыз кылуу Нарын шаардык мамлекеттик салык инспекциясына (Н.Мамбетаитов) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүү, бюджет финансы, салык, лицензиялоо, патент, приватташтыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңештин төрагасы |
А. Абдыкеримов |