Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-марты №26
Акман айыл аймагында турак-жай коммуналдык чарба мекемесин түзүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Исмаиловдун билдирүүсүн жана туруктуу комиссиялардын төрагаларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Акман айыл аймагында турак-жай коммуналдык чарба мекемеси түзүлсүн.
2. "Элдин үнү жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору аркылуу алынган МТЗ-82 трактору турак-жайкоммуналдык чарба мекемесинин балансына өткөрүлүп берилсин.
3. Акман айыл аймагында түзүлгөн турак-жай коммуналдык чарба мекемесин документтештирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кецешинин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|