Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 03-сентябры №30
«Кашка Суу» суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) 2013-жылга аткарган иштеринин отчетун бектиүү жөнүндө
"Кашка Суу" суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) 2013-жылга аткарган иштери боюнча Э.Козуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кашка Суу" суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) 2013-жылга аткарган иштери боюнча отчету кемчилдиктери менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2013-жылга агын сууга төлөгөн толом каражаттарын эске алуу менен 2013-2014-жылдарга карызды 2014-жылдын аягына чейин өндүрүү "Кашка Суу" СПАсынын башчысы Э.Козуевке милдеттендирилсин.
3. Агын сууга төлөм каражаттарын "Кашка Суу" суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) жалпы жыйналышында бекитилген тарифтин негизинде алуу милдеттен дирилсин.
4. Сугат суу системасын калыбына келтирүү максатында ички чарбалык арыктарды чаап тазалоо боюнча айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде график түзүп, тиешелүү адистер менен биргеликте иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдетгендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат,өзгөчө кырдаалдар,экология жана маданият,спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|