Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 03-сентябры №31
Айыл аймагындагы "Акман таза суу" ИСКАКБнын 2013-2014-жылда аткарган иштери боюнча маалымат угуу жөнүндө
"Акман таза суу" ИСКАКБнын жетекчиси А.Кулмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы "Акман таза суу" ИСКАКБнын Жараке, Кош-Коргон айылдарындагы 2014-жылда аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Акман айылдык кеңешинин 25.02.201-жылдагы №6 Токтомунун 3-пунктун күчтөндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин алдындагы экономикалык өнүктүрүү фондуна кайтарылуучу 1 490 480 (бир миллион торт жүз токсон мин торт жүз сексен) сом акча каражатынын кайтарымын камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн башчысына иш-чара түзүп, аткаруу милдеттендирилсин.
3. Аткарылган иштер боюнча ар квартал сайын айылдык кенешке маалымат берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин торагасынын орун басарыТ.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |