Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры №33
Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 25-февралында кабыл алынган "Акман айыл аймагындагы дыйкан жана фермердик чарбалардын ашыкча жерлери жөнүндө" №7 Токтомдун аткарылышын кароо
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 25-февралында кабыл алынган "Акман айыл аймагындагы дыйкан жана фермердик чарбалардын ашыкча жерлери жөнүндө" №7 Токтомдун аткарылышы канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Акман айылдык кенешинин 25-февралында кабыл алынган "Акман айыл аймагындагы дыйкан жана фермердик чарбалардын ашыкча жерлери жөнүндө" №7 Токтомду аткарууга 2014-жылдын 10-ноябрына чейин мөөнөт берилсин.
3. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |