Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 11-майы № 1
Нарын шаарынын 2007-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2007-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү «Кыргыз Республикасынын 2007-жылга Республикалык бюджети», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде, бюджеттик мекеме уюмдарынын сунуштаган долбоорлоруна ылайык түзүлгөндүгүн, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, приватташтыруу, лицензия, патент, жана башка төлөмдөр» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2007-жылга жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 48691,8 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджетке бекитилген кирешелер 9472,5 мин сом, жалпы жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше 14839,6 мин сом, категориалдык грант 33852,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Чыгашалар бөлүгү боюнча 48691,8 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим беруу тармагын каржылоого 38606,8 мин сом, маданият тармагын каржылоого 1167,0 мин сом, социалдык коргоо тармагын каржылоого 1730,0 мин сом, башкаруу органдарын каржылоого 4848,0 мин сом, коммуналдык чарбага 2000,0 мин сом, коргоо тармагына 90,0 мин сом, коомдук тартипти сактоого 50,0 миң сом, транспорт тармагына 100,0 мин сом, башка категорияга жатпаган экономикалык маселелер бөлүмүнө 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№1 тиркеме, №2 тиркеме, №3 тиркеме тиркелет)
3. Жумуш менен камсыз кылуучулардан алынуучу киреше салыгынан 85 пайызы республикалык. 15 пайызы шаардык бюджетке, салык мекемелери чогулткан киреше салыгы 100 пайыз, патенттин негизиндеги киреше салыгы 100 пайыз жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
4. Нарын шаарынын орто мектептеринин 1-4 класстарга ыссык тамак уюштурууну камсыз кылуу максатында мектептердин техникалык кызматкерлеринин штаттык бирдигине кошумча 8,5 штаттык бирдиктер киргизилсин (№ 4 тиркеме тиркелет).
5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 202-статьясынын 3-пунктуна, 203-статьясынын 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы - экономикалык негиздери жөнүндөгү Мыйзамынын 4-статьясынын 2-пунктуна ылайык, Нарын шаарында жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды чогултуу үчүн Нарын шаардык мэриясынын 1341 «Ар кандай чыгымдар» статьясына келишимдин негизинде 4 штаттык бирдикти кармоо үчүн 132,5 мин сом мунун ичинен эмгек акыга 110,4 мин сом, социалдык фондко чегерүүгө 22,1 мин сом каралсын.
6. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктери бекитилсин.
7. Нарын шаардык мэриясынын штаттык расписаниесинин бирдигине кошумча 3 штаттык бирдик, жана шаардын башкы архитекторун кармоого 1 штаттык бирдик кошумча каралсын.
8. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигинин 1 пайызга чейинки резервдик фондуна 400,0 мин сом каралсын.
9. Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин чыгаша сметасында «Ар кандай чыгымдар» статьясына каралган акча каражаттарынан 120,0 мин сом кызматтык автоунаа сатып алууга бөлүнүп берилсин.
10. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 48691,8 мин сомду түзгөндүктөн 1-январь 2007-жылга карата 10031,9 мин сом кредитордук карыз бюджеттин тартыштыгын түзгөндүгү белгиленсин.
11. 2007-жылга бекитилген шаардык бюджеттин аткарылышына катуу көзөмөлдүк кылуу жана айтылган сын-сунуштарды эске алып, жыл ичиндеги бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдү шаардык Кенештин сессиясынын кароосуна коюп туруу Нарын шаардык мэриясына (Б.Богачиев), Нарын шаардык каржы бөлүмүнө (Ж.Урустөмов) милдеттендирилсин.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Абдыкеримов |