Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры №34
Акман айылдык кеңешинин 2013-2014-жылдары чыгарылган токтомдорунун аткарылышын кароо
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кеңешинин 2013-2014-жылы чыгарылган Токтомдорунун аткарылышы канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Акман айылдык кеңешинин 2013-2014-жылы чыгарылган Токтомдорун жоопкерчиликтүүлүк менен 2014-жылдын 31-декабрына чейин аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына жана айылдык кенештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |