Редакцияот 19.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 19-ноябры №39

Колот айылына бала бакча уюштуруу жөнүндө

Акман айыл өкмөгүнүн башчысынын маалыматын жана айылдык кеңештин депутаттарынын 27.10.2014-жылдагы кайрылуусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын Ke3eKTeraVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Колот айылындагы №35 Исаков атындагы мектебинин эски имаратынын базасында балабакча уюштурулсун.

2. Бала бакча уюштурууга тиешелүү техникалык документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Мурдагы токтомдо бекитилген 0,38 га жерге жаңы бала бакча куруу үчүн калтырылсын.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов