Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-ноябры №40
Акман айыл аймагындагы Базар-Коргон суу сактагычынан Ж.К.Торомаматов атындагы сифондук суу чыгаруунун курулушун бүтүрүүгө акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин депутаттарынын 27.10.2014-жылдагы кайрылуусун жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кенешинин 03.09.2014-жылдагы №32 Токтому жокко чыгарылсын деп табылсын.
2. Сифондук суу чыгаруунун курулушунун бүтүшүнө 300 000 (үч жүз миң) сомдук д-476мм жана д-576мм труба 2000 (эки миң) сомдон кем эмес баада сатылсын.
3. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айылдык кеңештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |