Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-ноябры №41
Жаңы-Акман айылынан мечит курууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин депутаттарынын 27.10.2014-жылдагы кайрылуусун жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы К.Таштанбеков көчөсүнүн сол тарабында жайгашкан арыктын үстүнөн жамааттык мечит куруу үчүн 0.10 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Жамааттык менчиктин тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Г.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |