Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели №54
Акман жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жана мал санакка жоопкерчиликтүү адамды бекитүү жөнүндө
Акман жайыт комитетинин башчысы М.Сариевдин отчетун, Акман айылдык кеңешинин депутаттарынын жана жайыт пайдалануучуларынын сунуштарын угуп, талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман жайыт пайдалануучулары менен мал ээсинин ортосунда жеке келишимдин негизинде элдик кудайыларда бекитилген баа менен алуу милдеттендирилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар менен жайыт комитетинин ортосунда келишим төмөндөгү шарттар толугу менен аткарылгандан кийин түзүлсүн:
· Жайыт пайдалануучулар менен мал ээсинин ортосунда түзүлгөн жеке келишимдин жыйынды формасы;
· Мал санак үчүн жоопкерчиликтүү адамдын кепилдик каты.
3. Акман айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары чыккан жайытынын түрүнө карабастан мыйзам чегинде жеке ишкер катары патент алуу милдеттентирилсин.
4. Жайыттарга чыккан малдардын так санын алуу максатында жеринде мал санак жүргүзүү үчүн жоопкерчилик Ш.Тажибаевге жүктөлсүн.
5 Алыскы жайытка чыгуучу жайыт пайдалануучулардын малдарынын так санын алуу үчүн Жазкечүү көпүрөсүнөн санак жүргүзүү үчүн жоопкерчилик айылдык кеңештин депутаты К.Карабаевге жүктөлсүн.
6. Токтомду Акман айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына жайылтуу айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин башчысына милдеттендирилсин
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык саясат, өзгөчө кырдаалдар, экология, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |