Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели № 55
Жеке ишкер Б.Жолдошовдун арызын канааттандыруу жөнүндө
Базар-Коргон райондук суу чарба башкармасы менен 2015-жылдын 10-мартындагы убактылуу пайдалануу жөнүндө №13 келишимдин негизинде, жеке ишкер Б.Жолдошовдун арызын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Акман айылындагы "Базар-Коргон" суу сактагычынын тиешелүү аймагында жарандардын эс алуусуна шарт түзүү максатында келишимде көрсөтүлгөн пайдаланылуучу аймагынын коопсуздук, санитардык-экологиялык абалын көзөмөлгө алуу, тиешелүү белгилерди коюу, эскертмелерди жазуу жана башка тиешелүү иштерин аткаруу жана жоопкерчилик жеке ишкер Б.Жолдошовго милдеттендирилсин.
2. Ишкердик жүргүзгөн аймакка салык мыйзамына ылайык салыктардын түрлөрү боюнча райондук салык кызматынын инспекторлору менен биргеликте тактап чыгуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Эс алуу чу жайга кирүү үчүн транспорт төлөмдөрү төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
Жеңил автоунаа үчүн (5 орундуу) -100 сом;
Андан башка чоң автоунаа түрлөрүнө -200 сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, муниципиалдык, менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкыэкономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияеыиа жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |