Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели №57
Акман айыл аймагындагы жайыт жерлерин тактап чыгуу жөнүндө
Акман айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагындагы жайыт жерлерин тактап чыгуу боюнча 5 адамдан тургантөмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
К.Карабеков – депутат
К.Сопуев – депутат
К.Карабаев – депутат
Ш.Калыков – депутат
А.Осоркулов – депутат
С.Маматкулов -а/өкмөтүнүн жер адиси
Р.Тойчиев - Райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо бөлүмүнүн адиси
2. Депутаттык убактылуу комиссия Акман айыл аймагындагы жайыт жерлерин 2015-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө тактап чыгып, айылдык кеңешке жазуу түрүндөкорутундусун сунушташсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык саясат, өзгөчөкырдаалдар, экология, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынажүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |