Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели №58
Акман айыл аймагынын Кайырма айылындагы мончону инвентаризациялоо жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Шайдылдаеванын билдирүүсүн депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Кайырма айылындагы мончону инвентаризациялоо боюнча 7 адамдан турган төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
· А.Сариев-комиссиянын төрагасы
· А.Осоркулов
· К.Арыкбаев
· С.Жолборсова -жетектоочу адис
· С.Маматкулов -башкы адис
· М.Коконов
· К.Залимбеков
2. Инвентаризациянын жыйынтыгы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык саясат, өзгөчө кырдаалдар, экология, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |